Президент Эрдоган Газпромдун төрагасын кабыл алды

Жолугушууда Түркияда газ борборун түзүү, орус газын Түркияга жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

1917120
Президент Эрдоган Газпромдун төрагасын кабыл алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Россиянын энергетика компаниясы Газпромдун төрагасы Алексей Миллерди Стамбулдагы Вахдеттин сарайында кабыл алды.

Жолугушууда Түркияда газ борборун түзүү, орус газын Түркияга жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Россиянын президенти Владимир Путин Түркиянын Россиядан газ ташуу үчүн Европа да болгон эң ишенимдүү багыттардын бири болгондугун билдирип, газ агымын камсыз кылуу үчүн : «Түркияга чоң бир борбор кура алабыз»,- деген.

Президент Эрдоган : "Түркиядан Европага жаратылыш газын бөлүштүрүү борборуна Путин менен бирге көрсөтмө бергенбиз. Бул эл аралык бөлүштүрүү борбору болот",-деди.



Тектеш кабарлар