Фахреттин Алтун TRT World Forumда сөз сүйлөдү

Алтун, Түркиянын аймактык кризистердин жана глобалдык кагылышуулардын чечилишине салым кошконун түшүндүрүп, мисалдарды келтирди.

1916946
Фахреттин Алтун TRT World Forumда сөз сүйлөдү

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, дүйнө жүзүнүн Түркияны турукташтыруучу күч катары кабыл алганын айтты.

Стамбулда 6-ирет өтүп жаткан TRT World Forumда сөз сүйлөгөн Алтун, Түркиянын президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде аймактык кризистердин жана глобалдык кагылышуулардын чечилишине салым кошконун түшүндүрүп, мисалдарды келтирди.

Алтун: «Биз өлкөбүз менен аймакыбыздан баштап дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарына демократияны, өнүгүүнү, тынчтыкты жана бакубатчылыкты алып келүүнү каалайбыз»,- деди.

Түркиянын азыркы учурда бүткүл дүйнөгө үлгү боло турган таасирдүү тышкы саясат моделин ортого салганын белгилеген Алтун: «Аймактык жана глобалдык актерго айланган Түркия, ар түрдүү блокторду бириктирген көпүрө гана эмес, диалог, сүйлөшүүлөр жана дипломатия агымы өтүүчү канал»,- деп айтты.

Фахреттин Алтун, Түркиянын Орусия-Украина согушунда дипломатиялык ийгиликке жетишкенин билдирип: «10 айдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушунда жүргүзгөн тынчтык дипломатиябыз, бүткүл дүйнөнүн Түркияны глобалдык тынчтыкка салым кошкон «стабилдештирүүчү» күч катары кабыл алганын көрсөттү. Ошондой эле Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк арызы процессинде Түркиянын аракеттери, глобалдык террор менен күрөшүүдө маанилүү милдеттенмелерди камсыз кылды»,-деди.

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Алтун, глобалдык поляризациянын алдын алуунун маанисине да токтолуп, жаңы суук согуштарга бөгөт коюлушу керектигин айтты.



Тектеш кабарлар