Калын менен Салливан телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Президенттиктин басма сөз катчылыгынын билдирүүсүнө караганда, жолугушууда эки тараптуу саясий жана экономикалык карым-катнаштар менен катар коргонуу өнөр жайы менен бир топ темалар каралды.

1916237
Калын менен Салливан телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин басма сөз катчылыгынын билдирүүсүнө караганда, жолугушууда эки тараптуу саясий жана экономикалык карым-катнаштар менен катар коргонуу өнөр жайы, Орусия-Украина согушу, Чыгыш Жер Ортолук деңизи, Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчөлүк процесстери, Сирия, Ирак жана терроризмге каршы күрөш сыяктуу темалардан баштап глобалдык жана эл аралык маселелер, аймактык маселелер каралды.

Чоң жыйырмалыктын алкагында Балиде лидерлердин деңгээлинде өткөн жолугушууга канааттангандыгын билдирип, глобалдык жана аймактык маселелер боюнча диалогду жана кеңешүүлөрдү улантуу макулдашылды.

НАТО боюнча эки өнөктөш катары Түркия менен АКШнын стратегиялык артыкчылыктарга жана орток кызыкчылыктарга көңүл бурушу керектиги айтылды.

Коргонуу өнөр жайы тармагында уланып жаткан кызматташтыктын мааниси баса белгиленген жолугушууда АКШ Конгресси тарабынан F-16 сатып алуу жана модернизациялоо талабын бекитүү процессинин шартсыз бүтүшүнө байланыштуу Түркиянын күтүүлөрү айтылды.

Украина согушунун созулуп, жайылышынын глобалдык кризисти тереңдеткени, согуштун токтотулушу жана сүйлөшүү үстөлүнүн кайтарылышы керектиги баса белгиленди.

Түркиянын туткун алмашуу жана дан келишими сыяктуу ок атышпоого жол ача ала турган дипломатиялык демилгелерин чечкиндүү түрдө улантканы билдирилди.

Түркиянын Сирия жана Ирактагы операцияларында улуттук коопсуздугубузга коркунуч туудурган ПКК/ПЙД/ЙПГ жикчил террордук уюмдарынын бутага алынганы баса белгиленди.

Террордук кол салууларга дуушар болгон Түркия БУУнун Конвенциясынын 51-беренесине ылайык өзүн-өзү коргоого укуктуу экени эскертилди. Түркиянын ар кандай террордук коркунучтарды жана коркутууларды жок кылууга чечкиндүү экени баса белгиленди.

Финляндия менен Швециянын жетишкен ийгиликтерине канааттангандыгын билдирип, июнь айында Мадридде кол коюлган үч тараптуу келишимдеги бардык милдеттенмелердин аткарылышы керектиги белгиленди.



Тектеш кабарлар