Эрдоган: «Экспорт 300 миллиард доллар босогосуна жакындап, ай сайын рекорд жаңыртып жатат»
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия 2023 Саммитине жана акча тууралуу сүйлөшүүлөрүнө видео кайрылуу жолдоду.
Президент Режеп Таййип Эрдоган экспорттун 300 миллиард доллар босогосуна жакындап, ай сайын рекорд жаңыртып жатканын айтты.
Эрдоган Түркия 2023 Саммитине жана акча тууралуу сүйлөшүүлөрүнө жөнөткөн видео кайрылуусунда дүйнөнүн акыркы 3 жылдан бери эпидемия менен башталган азаптуу процесстен өтүп жатканын, андан кийин ысык кагылышуулар жана аймактык чыңалуулар менен татаалдашканын түшүндүрдү.
Акыркы жылдарда эң жогорку көрсөткүчтөргө жеткен энергетика, азык-түлүк жана чийки зат баасы жана ушундан улам пайда болгон инфляция көйгөйү бардык экономикаларды оорлотуп жатканын белгилеген Эрдоган, Түркиянын бул кыйын мезгилди салыштырмалуу жеңилирээк башынан өткөргөн өлкөлөрдүн бири экенин айтты.
Экспорттун ай сайын рекорд жаңыртып, 300 миллиард доллардын босогосуна жакындап жатканын белгилеген президент:«Биз көрүлгөн чаралардын натыйжасы менен келерки жылдын башынан тарта инфляцияны тизгиндейбиз деп үмүттөнөм»,-деди.
2023-жылды экономика жана энергетика сыяктуу коргоо өнөр жай тармагында да көптөгөн алгачкылар жасалган этап кылууга чечкиндүү экендиктерин белгилеген Эрдоган: «Түркия кылымы жөнүндөгү көз карашыбызды бүт элементтери менен ишке ашырмайынча токтобойбуз жана күрөшүбүздү үзгүлтүксүз улантабыз»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.
Эрдоган жөөт жарандарын Пасах майрамы менен куттуктады
Президент Эрдоган Пасах майрамына байланыштуу куттуктоо жарыялады.