Тунжелиде ПККнын бункерлери жана машыгуу лагери жок кылынды

Тунжели облустук жандармерия командирлиги тарабынан Тунжелинин Борбордук-Бали Дереси менен Оважык Аслыжа айылына эки башка операция жүргүзүлдү.

1915491
Тунжелиде ПККнын бункерлери жана машыгуу лагери жок кылынды
tunceli eren abluka siginak.jpg
tunceli eren abluka siginak1.jpg

Тунжелиде жүргүзүлгөн «Эрен блокада күз-кыш-13» операциясында жикчил террордук уюм ПККнын бункерлери жана машыгуу лагери жок кылынды.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, Тунжели облустук жандармерия командирлиги тарабынан Тунжелинин Борбордук-Бали Дереси менен Оважык Аслыжа айылына эки башка операция жүргүзүлдү.

Оважыктын элет жеринде жүргүзүлгөн чалгындоо операциясында 14 бункер аныкталса, борбордук район Бали Дереси аймагында да террордук уюм ПККнын чоң шаарларда жардыруу кылуу үчүн персонал даярдаган EYP (колго жасалган жардыргыч заттар) машыгуу лагери жок кылынды.

Лагер жана баш калкалоочу жайларда жүргүзүлгөн тинтүү учурунда көп сандаган даяр механизмдер, жардыргыч заттар жана буюмдар колго түшүрүлдү.



Тектеш кабарлар