Чавушоглу: «Түркия глобалдык актер»

Чавушоглу борбор шаар Анкарадагы «Хажы Байрам Вели» университетинде өткөрүлгөн «Түркиянын ишкер жана гумандуу тышкы саясаты» аттуу конференциянын ачылышында сөз сүйлөдү.

1915045
Чавушоглу: «Түркия глобалдык актер»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын Африкадан Азияга, Жакынкы Чыгыштан Балканга чейинки кеңири географияда үмүт берген өлкөлөрдүн бири экенин, глобалдык дипломатиянын эң ишенимдүү актерлорунун бири болгонун айтты.

Чавушоглу борбор шаар Анкарадагы «Хажы Байрам Вели» университетинде өткөрүлгөн «Түркиянын ишкер жана гумандуу тышкы саясаты» аттуу конференциянын ачылышында сөз сүйлөдү.

Учурда дүйнөдө олуттуу көйгөйлөр, кризистер жана согуштар бар экенин белгилеген Чавушоглу согуш жана кагылышуулардын 60 пайызынын Түркиянын жакын чөлкөмүндө экенине көңүл бурду.

Чавушоглу азыркы дүйнөдө бир гана идея жана экономикалык иш-аракеттер эмес, коркунучтардын да глобалдуу болуп калганын, кагылышуулар, энергетика жана азык-түлүк кризиси, терроризм, климаттын өзгөрүшү, чет элдик душмандык, исламофобия жана тартипсиз миграциянын алдыбыздагы кыйынчылыктар экенин белгиледи.

Эл аралык атаандаштыктын күчөшүнүн адамзатты коркунучка салган маселелерге да орток чечим табууга кыйынчылык жаратканына көңүл буруп, Бириккен Улуттар Уюму, Европа Биримдиги жана Европа Кеңеши сыяктуу эл аралык уюмдардын глобалдык маселелерди чечүүдө жетишсиз болуп калганына көңүл бурган Чавушоглу: «Мындай кыйын мезгилде демилгени колго алып, жол көрсөтүүчү, жетектөөчү ишкер күчтөр керек. Бүгүнкү күндө Түркия бул күчтөрдүн башында турганын сыймыктануу менен айткым келет»,-деди.

«Түркия Африкадан Азияга, Жакынкы Чыгыштан Балканга чейин кеңири географияда үмүт артылган өлкөлөрдүн сап башында турат»,-деп айткан тышкы иштер министри:«Глобалдык көйгөйлөрдүн кайсынысын карабаңыз; Булардын баарында Түркиянын чечимдин бир бөлүгү экенин көрөсүңөр»,-деди.



Тектеш кабарлар