Террор менен күрөш уланууда

Террористтерге каршы операциялар уланып жатат.

1914703
Террор менен күрөш уланууда

Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 5 террорист жок кылынды.

Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, «Баатыр түрк аскерлери террористтердин кол салуу аракеттерине эселентип жооп кайтарууну улантууда»,-деп айтылды.

Билдирүүдө Сириянын түндүгүндөгү «Тынчтык булагы», «Зайтун бутагы» жана «Евфрат калканы» аймактарына ок чыгарган 5 ПКК/ЙПГ террористинин ийгиликтүү операция менен таасирсиз абалга келтирилгени белгиленди.

Улуттук чалгындоо уюму (MIT) тарабынан Сириянын түндүгүндө жүргүзүлгөн операцияда да жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын Айн-Иса облусу боюнча жооптууларынан «Мизгин Кобани» каймана аттуу Сихам Мислих таасирсиз кылынды.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, «Тынчтык булагы» операциясы аймагындагы Түрк коопсуздук күчтөрүнө каршы террордук кол салууларды уюштурган террорист Мислихтин саботаж кыймылдарына катышканы белгиленди.

Террордук кол салууларды жасаганы аныкталган террордук уюм ПКК/ЙПГнын Айн-Иса облусу боюнча жооптууларынан Мислихке байкоо салган Улуттук чалгындоо уюму, Сириянын түндүгүндө жүргүзгөн операция менен аны таасирсиз кылды.

Бир тараптан Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Чатаклы, ички коопсуздук операцияларынын алкагында ноябрда бардык террордук уюмдарга каршы жүргүзүлгөн операцияларда 78и ПКК/КЖК, 24ү ДЕАШ жана 1и солчул террордук уюм мүчөсү болгон 103 террористтин жок кылынганын билдирди.



Тектеш кабарлар