AFAD тарабынан Украинада ысык тамак таратылып жатат

Суук аба ырайынан улам дарыялар менен көлдөр тоңгон, жарандык инфраструктуралар жабыркаган Беларусь чек арасына жакын Черниговдо жашагандар шаардын борборундагы AFAD мобилдик ашкана унаасынан ысык тамак алуу үчүн кезекке турушат.

1914417
AFAD тарабынан Украинада ысык тамак таратылып жатат
afad ukrayna yemek dagitimi1.jpg
afad ukrayna yemek dagitimi.jpg

Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу башкармалыгы (AFAD) тарабынан 24-февралда башталган Орусия-Украина согушунун алгачкы күндөрү катуу кагылышуулар болгон жана абадан кол салуулар болгон Украинанын Чернигов шаарынын тургундарына күн сайын ысык тамак берилип жатат.

Суук аба ырайынан улам дарыялар менен көлдөр тоңгон, жарандык инфраструктуралар жабыркаган Беларусь чек арасына жакын Черниговдо жашагандар шаардын борборундагы AFAD мобилдик ашкана унаасынан ысык тамак алуу үчүн кезекке турушат.

AFADдын көчмө ашкана унаасынан ысык тамак жана чай алган 62 жаштагы Татьяна: «Түркияга ыраазыбыз. Бул жардам бир гана мен үчүн эмес, ар бир адам үчүн абдан маанилүү, анткени согуштан жапа чеккенбиз. Эл абдан ыраазы»,-деп айтты.

Виталий Чуг: «Согуштан улам жумушсуз калдым. Апам бомбалоодон кийин башынан өткөргөн стресстин айынан жүрөк оорусунан улам каза болду. Түркияга жана бизге жардам берген ар бир адамга ыраазычылык билдиребиз»,- деди.

AFADдын көчмө ашкана унаасынан Черниговдун борборундагы элге тамак-аш таратылса, ыктыярчылар аркылуу күн сайын шаардын ар кайсы райондорунда жашаган жарандарга азык-түлүк жеткирилет.

AFAD кызматкерлеринен алынган маалыматка караганда, 2022-жылдын 19-августунан тарта Чернигов облусунда ысык тамак кызматы башталган.

Эки түрдүү тамак, ысык шорпо жана негизги тамак берилген Черниговдо күнүнө орто эсеп менен 550 киши тамактанат.

Черниговдо 61 миң 12 адамга ысык тамак таратылды.

Согуш башталгандан бери Украинанын ар кайсы аймактарында AFAD мобилдик ашкана жүк ташуучу унаасы аркылуу он миңдеген кишиге азык-түлүк жеткирилди.



Тектеш кабарлар