ПККдан 3 террорист курал-жарактары менен таасирсиз кылынды
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө орун алды.
Шырнакта аба күчтөрүнүн колдоосу менен жүргүзүлгөн операцияда жикчил террордук уюм ПККдан 3 террорист курал-жарактары менен таасирсиз кылынды.
Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Эрен блокадасы Күз-Кыш-15 операциясынын алкагында Шырнактын Габар тоо аймагында биргелешип башталган жана J-SİHA, PIHA жана Аскердик аба күчтөрү тарабынан колдоого алынган чалгындоого таянган чекит операциясында 3 ПКК террористинин куралы менен таасирсиз болгону билдирилди.
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу да Твиттерден операцияга байланыштуу билдирүү жасап: «Бир аз кеч болду, бирок кыйын болгон жок. Жандармерия жана Коопсуздук чалгындоо, УУА, АТАК жана жакын абадан колдоо менен жүргүзүлгөн операцияда Шырнак Габарда жандармериябыздын кагылышуу аянтындагы баатырдыгы менен дагы 3 террорист жок кылынды»,-деди.