Эрдоган Стратегиялык коммуникация саммитине видео кайрылуу жөнөттү

Президент Эрдоган Коммуникация башкармалыгы тарабынан Стамбулда өткөрүлгөн 2-Эл аралык Стратегиялык коммуникация саммитине видео кайрылуу жөнөттү.

1913901
Эрдоган Стратегиялык коммуникация саммитине видео кайрылуу жөнөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган эл аралык маалымат каражаттарынын террордук актыларга карата эки жүздүү мамилесин сынга алды.

Президент Эрдоган Коммуникация башкармалыгы тарабынан Стамбулда өткөрүлгөн 2-Эл аралык Стратегиялык коммуникация саммитине видео кайрылуу жөнөттү.

Билдирүүсүндө санариптештирүү менен байланыш куралдарында жана кабар булактарында чоң өзгөрүүлөр болгонун баса белгилеген Эрдоган: «Албетте, ар бир инновация сыяктуу, коммуникация тармагындагы бул өзгөрүү да ар кандай тобокелдиктерди жана мүмкүнчүлүктөрдү алып келет»,-деди.

Мамлекеттердин ортосундагы тирешүү жана атаандаштыкта ​​санариптик каналдардын негизги психологиялык операция элементи катары көбүрөөк колдонулуп жатканын баса белгилеген Эрдоган: «Түркия стратегиялык жайгашуусу, жүргүзгөн оригиналдуу саясаты, аймактык жана глобалдык маселелерде көрсөткөн принципиалдуу позициясы менен дүйнөдө максаттуу жалган кабарларга эң көп дуушар болгон өлкөлөрдүн бири»,-деди.

«Акыры, 13-ноябрда Стамбулдун Истиклал көчөсүндө болгон теракттан кийин биз күбө болгон кээ бир эл аралык басма сөз уюмдарынын тили кылмышкерлердин көмөчүнө күл тарткандай болду»,-деп айткан Эрдоган: «Объективдүү отчеттуулуктун ордуна Түркия менен эсептешүүнү максат кылган мындай ыкмалардан баш тартуу керектигин ар бир мүмкүнчүлүк жана платформада билдирүүдөбүз»,-деди.

Президент 2-Эл аралык стратегиялык коммуникация саммити өз ара идеяларды жана тажрыйбаларды бөлүшө турган аянтча катары коммуникация экосистемасына жаңы дем алып келет деген ишенимин билдирди.



Тектеш кабарлар