Чавушоглу Римде

Чавушоглу Римде Италиянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Антонио Тажани менен жолугушту.

1914063
Чавушоглу Римде

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 8-Жер Ортолук деңиз диалог форумуна катышуу үчүн Италиянын борбор шаары Римге барды.

Министр Чавушоглу эртең катыша турган Атайын диалог сессиясында аймактык жана эл аралык темалар боюнча Түркиянын тышкы саясатына байланыштуу кайрылуу жасайт.

Министр Чавушоглунун иш сапарынын алкагында катышуучу өлкөлөрдөн кесиптештери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуусу да күтүлүүдө.

Чавушоглу бир тараптан Римде Италиянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Антонио Тажани менен жолугушту.

Чавушоглу Твиттердеги баракчасынан: «Римде Италиянын тышкы иштер министри менен жолугуп, Украина жана Ливиядагы абалды, ошондой эле экономикалык жана коргоо өнөр жайы кызматташтыгыбызды талкууладык»,- деди.



Тектеш кабарлар