Чавушоглу Лодздо Ричард Галлахер менен жолугушту
ЕККУнун Министрлер Кеңешинин жыйыны башталды.
Кезектешкен төрагалыгын Польша жүргүзгөн Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Министрлер Кеңешинин жыйыны башталды.
Польшанын Лодзь шаарында уюштурулган конференция 2 күнгө созулат.
Конференцияга Түркиянын атынан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу катышууда.
Чавушоглу Лодздогу жолугушууларынын алкагында Ватикандын тышкы иштер министри Ричард Галлахер менен жолугушту.
Мевлүт Чавушоглу социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө: «ЕККУнун Министрлер Кеңешинин жыйынынын алкагында Ватикандын тышкы иштер министри Ричард Галлахер менен жолугушуп, Украина баш болгон аймактык жана глобалдык маселелерди талкууладык»,-деди.
Министр Чавушоглу Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов жана ЕККУнун баш катчысы Хельга Шмид менен да эки тараптуу жолугушууларды өткөргөн болчу.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.