МИТ Түндүк Иракта ПКК чалгынчысына операция жүргүздү
Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Онур уюмга 1990-жылдары Англиядан кошулуп, көп жылдардан бери уюмдун куралдуу канатында кыймыл кылган.
![МИТ Түндүк Иракта ПКК чалгынчысына операция жүргүздү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/3e47/26d2/a53c/63870223bb2e9.jpg?time=1722044157)
Улуттук чалгындоо уюму (МИТ) Ирактын түндүгүндөгү Синжар аймагындагы операцияда жикчил террордук уюм ПККнын чалгындоо бөлүмүнүн жетекчиси делген Фатма Онурду таасирсиз кылды.
Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Онур уюмга 1990-жылдары Англиядан кошулуп, көп жылдардан бери уюмдун куралдуу канатында кыймыл кылган.
2016-жылы уюмдун чалгындоо түзүмү «НЛП» ичинде жооптуу делген деңгээлге жеткирилген Онур уюм мүчөлөрүнө чалгындоо боюнча билим берген.
Террорчу Онур өзгөчө Ирактын Сулейманийе аймагында жана айылдарында коопсуздук күчтөрүнө каршы көптөгөн террордук актылар үчүн жооптуу болгон.
«Кинда Мараш» каймана аттуу Онурдун кыймыл-аракеттерин чечмелөө үчүн деталдаштырылган изилдөө жүргүзгөн МИТ, террористтин Кандилден Синжарга жашыруун тапшырма менен жөнөтүлгөнүн жана чалгындоо иштерин жашыруу үчүн каржыдан жооптуу делген ишти аткарганын аныктады.
Андан кийин операция үчүн иш-аракетин баштаган МИТ, Синжардагы чекиттик операция менен Онурду таасирсиз кылды.
Тектеш кабарлар
![ПКК террордук уюмунун 15 террористти жок кылынды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/b563/3121/7da9/661f89147bdd1.jpg?time=1722044157)
ПКК террордук уюмунун 15 террористти жок кылынды
Бул тууралуу улуттук коргоо министрлигинин медиа эсебинен маалымат берилди.