Эрдоган: «Түркия 2022-жылды рекорддук өсүш менен жабат»

Президент Эрдоган лидери болгон Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) башкы кеңсесинде өткөрүлгөн облус башчыларынын кеңейтилген жыйналышында сөз сүйлөдү.

1912978
Эрдоган: «Түркия 2022-жылды рекорддук өсүш менен жабат»

Президент Режеп Эрдоган Түркиянын 2022-жылды рекорддук өсүш менен жаба турганын айтты.

Президент Эрдоган лидери болгон Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) башкы кеңсесинде өткөрүлгөн облус башчыларынын кеңейтилген жыйналышында сөз сүйлөдү.

«Түркия кылымы» программабыз менен республикабыздын жаңы кылымга мындан да чоң кыялдар жана толкундануу менен кириши үчүн улутубузга үмүт нурун алып келдик»,-деп айткан Эрдоган:«(Түркиянын) 2022-жылдын үчүнчү чейрегиндеги өсүүсү 3,9 деп жарыяланды, ал эми экинчи чейрегиндеги өсүш 7,7 катары жогору карай кайра катталды. Глобалдык рецессия кооптонуусу күчөгөн мезгилде Түркия үчүн өсүүсүн улантуу абдан баалуу. 2022-жылды дүйнөгө салыштырмалуу рекорддук деңгээлде жабуу менен 2023-жылга жакшы башталыш жасайбыз деп үмүттөнөбүз»,-деди.

Эрдоган:«Эгерде бүгүнкү күндө Түркия экономикада бир толкундоодо болсо, үчүнчү чейректеги экономикалык өсүштө 3,9га жетиши менен G20 өлкөлөрүнүн (дүйнөнүн эң чоң экономикаларынын арасында 19 өлкөдөн жана Европа Биримдиги Комиссиясынан турган) ичинде алдыңкы 5ке кирсе, бул бир нерсе кылып жатканын көрсөтөт; Түркия күчтөнүүдө. Түркиянын өсүшүн токтотуу мүмкүн эмес»,-деп өз баасын берди.

Президент мындан ары да жарандарга экономикалык колдоо көрсөтүүнү уланта беришерин билдирди.



Тектеш кабарлар