Чавушоглу Бухарестте маалымат жыйынын өткөрдү

НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин өткөргөн маалымат жыйынында күн тартибине баа берди.

1913103
Чавушоглу Бухарестте маалымат жыйынын өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын Сириянын түндүгүндөгү жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга каршы ыктымалдуу кургактык операциясына байланыштуу: «Түркияга бөгөт коюу аракеттери болуп жатат. НАТО союздаштарынан колдоо күтөбүз»,-деди.

Чавушоглу Румыниянын борбор шаары Бухаресттеги НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин өткөргөн маалымат жыйынында күн тартибине баа берди.

«Сириядагы террор буталарына абадан сокку ургула, кургактыктан кирбегиле» сыяктуу Түркияга бөгөт коюу аракеттери бар экенин баса белгилеген Чавушоглу, Түркиянын союздаштарынан колдоо күткөнүн билдирди.

Министр Чавушоглу: «Кээ бир союздаштардын, өзгөчө АКШнын Сириядагы террордук уюмдарга колдоосу ачык көрүнүп турат. Ошондуктан, мындай колдоолорун токтотуулары керектигин айтып жатабыз»,- деди.

Швеция жана Финляндия менен түзүлгөн үч тараптуу келишимге сереп салган Чавушоглу: «Биз Швецияда ташталган кадамдарды жана жаңы өкмөттүн чечкиндүүлүгүн, мурунку өкмөткө караганда чечкиндүү экенин баса белгиледик, ошондой эле аларды кубаттай турганыбызды айттык. Бирок, өлкөдөгү (Швецияда) террористтик активдерди экстрадициялоо жана тоңдуруу сыяктуу террордук иш-аракеттер дагы эле уланууда, алардын бүткөрүлүшүнө байланыштуу конкреттүү кадамдарды көрө элекпиз дедик»,-деп айтты.

Түркия 28-июнда Испаниянын Мадрид шаарында өткөн НАТО саммитинде мүчөлүк үчүн арыз берген Финляндия менен Швецияга вето койгон. Террордук уюмдарга ачык колдоо көрсөткөн эки өлкө менен протоколго кол койгон Анкара, убадалардын аткарылышын күтүп жатат.



Тектеш кабарлар