Түркиянын ТКТРдагы элчиси ишеним грамотасын тапшырды

Метин Фейзиоглу ишеним грамотасын Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татарга тапшырды.

1911936
Түркиянын ТКТРдагы элчиси ишеним грамотасын тапшырды

Түркиянын Левкошадагы элчиси Метин Фейзиоглу, эч күмөнсүз көз карандысыз жана эгемен мамлекет болгон Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) эл аралык укукка ылайык үчүнчү мамлекеттер тарабынан таанылышы керектигин айтты.

Метин Фейзиоглу ишеним грамотасын Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татарга тапшырды.

ТКТРнын Президенттигинде президент Татар тарабынан кабыл алынган Фейзиоглу Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосундагы өзгөчө карым – катнаштарды бардык тармакта мындан ары да өнүктүрүү үчүн болгон күчү менен аракет кылаарын баса белгиледи.

Фейзиоглу, Кипр түрктөрүнө жасалган ырайымсыз изоляциянын токтотулушу керектигине көңүл буруп: «Мамлекеттик мыйзамга ылайык, эч күмөнсүз көз карандысыз жана эгемен мамлекет болгон Түндүк Кипр Түрк Республикасы эми үчүнчү мамлекеттер тарабынан таанылышы керек»,-деди.

Кипрде бирден-бир реалдуу жана туруктуу чечимдин эки эгемен мамлекеттин бар экенин кабыл алуу экенин, укуктук абалга жана фактыларга ылайык жалгыз чечүүчү жолдун бул экенин белгилеген Фейзиоглу: «Биздин ишибиз туура. Ишибиз улуттук. Элибиз бул куттуу иштин артында кажыбас эрк менен турат»,-деп айтты.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Татар да ишеним катын тапшырган элчи Фейзиоглуга ийгилик каалап:«Сизди Түндүк Кипр Түрк Республикасында көрүп, сиз менен иштешип жатканыма сыймыктанам жана кубанычтамын»,-деди.



Тектеш кабарлар