Эрдоган:«Түркия оор күндөрдө колундагы бардык мүмкүнчүлүктөрүн муктаждар менен бөлүштү»

Президент Эрдоган Стамбулдагы Конгресс борборунда Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Экономикалык жана Соода Кызматташтык Туруктуу комитетинин (COMCEC) 38-жыйынынын Ачылыш программасында сөз сүйлөдү.

1911892
Эрдоган:«Түркия оор күндөрдө колундагы бардык мүмкүнчүлүктөрүн муктаждар менен бөлүштү»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, мусулман болуунун өзүнөн жана үй-бүлөсүнөн баштап бүтүндөй коомго жана адамзатка жоопкерчиликти сезүү экенин белгилеп:«Дүйнөнүн кайсы жеринде куугунтук болуп жатса, кимдир бирөө ачарчылыктан өлүп жатса, бул баарыбыздын мойнубузда, бул биздин милдет»,-деди.

Президент Эрдоган Стамбулдагы Конгресс борборунда Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Экономикалык жана Соода Кызматташтык Туруктуу комитетинин (COMCEC) 38-жыйынынын Ачылыш программасында сөз сүйлөдү.

«Биздин тилдерибиз, маданияттарыбыз, жерлерибиз ар башка болсо да, биз бир чоң үй-бүлөнүн мүчөлөрүбүз. Биз бардык бир туугандарыбыз үчүн жооптуубуз»,-деп айткан Эрдоган мындай деди:«Биздин ортобузда маал-маалы менен талаш-тартыштар жана тирешүүлөр болушу мүмкүн. Биз буларды жашоонун табигый агымындагы катардагы маселелер катары көрөбүз».

Жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) процессинде Түркиядан суранган 160 өлкөгө медициналык жардам жөнөткөндөрүн баса белгилеген Эрдоган:«Түркия адамдык баалуулуктар сыналып жаткан бул оор күндөрдө колундагы бардык мүмкүнчүлүктөрүн муктаждар менен бөлүштү»,-деди.

Эрдоган, 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушун бүтүрүү үчүн биринчи күндөн бери катуу аракет кылгандарын баса белгилеп:«Биз Кара деңиздин үстүндө дан коридорун жана туткундарды алмашууну ишке ашыруу менен дипломатиялык чечим болушу мүмкүн экенин көрсөттүк. Кара деңиз аркылуу 11 миллион тоннадан ашык эгинди ташууга мүмкүнчүлүк түздүк»,-деп айтты.

Президент Стамбулда курулган Ислам Кызматташтык Уюмунун Арбитраж борборунун эл аралык соодада кабыл алынаарына ишенерин билдирди.

Грецияда мусулман түрк азчылыгына каршы жылдардан бери уланган адилетсиздик жана куугунтук күчөгөнүн баса белгилеген Эрдоган:«(Грециядагы мусулман түрк азчылыгына) эне тилин үйрөтүүгө уруксат берилбейт, алардын ким экендиги четке кагылган. (Бул абалга) Мындан ары карап тургандар болбошу керек. Кипрлик түрк боордошторубузга карата укук бузууларды да билесиздер»,-деди.

1967-жылдагы чек аралардагы борбор шаары Кудс болгон эгемен, эркин Палестина мамлекетин колдогондорун билдирген Эрдоган:«Кудста жана Месжид-и Аксада колубуздан келгендин баарын кылып жатабыз жана жасайбыз. Ислам дүйнөсү мындан ары бул окуяларга көрүүчү катары карап турбашы керек»,-деп айтты.

Түркиянын 3,5 миллиондон ашуун сириялыкты кабыл алуу менен бир туугандыгын аткарганын баса белгилеген Президент: «Биз өлкөбүз менен бирге Сирия жана Ирактын аймактык бүтүндүгүн коргоого жана терроризмдин тамырын кыркууга чечкиндүүбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар