Түркия Кытайдан түшүндүрмө талап кылды
Тышкы иштер министрлиги темага байланыштуу жазуу түрүндөгү жарыясында Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун борбору Үрүмчүдө чыккан өрттөн каза болгондордун жана жаралангандардын бар экенин терең кайгыруу менен уккандары белгиленди.
![Түркия Кытайдан түшүндүрмө талап кылды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9fda/0ec2/8623/5c2f588405563.jpg?time=1722046100)
Түркия Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун борбору Үрүмчүдөгү өрттөн каза болгондорго байланыштуу Кытай бийлигинен түшүндүрмө сурады.
Тышкы иштер министрлиги темага байланыштуу жазуу түрүндөгү жарыясында Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун борбору Үрүмчүдө чыккан өрттөн каза болгондордун жана жаралангандардын бар экенин терең кайгыруу менен уккандары белгиленди. Билдирүүдө Түркиянын бул трагедиялуу окуя үчүн көңүл айтуулары жана жаралуулардын тез сакайып кетишин каалаганы маалымдалды.
Билдирүүдө ошондой эле: «Өрттүн себеби тууралуу коомчулуктун маалыматтандырылышын күтөбүз»,-деп айтылат.
Дипломатиялык булактар берген маалыматта «Өрттүн келип чыгуу себептери боюнча Кытай бийлигинен түшүндүрмө суралды»,-деп айтылган.
Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун борбору Үрүмчү шаарында карантинде делген батирден чыккан өрттөн 10 кишинин каза болгону кабарланды.
Өрт чыккан батирдин жашоочулары карантинден улам үйлөрүнөн чыга албай, өрт өчүрүүчүлөр темир тосмолор жана тосмолор менен курчалган комплекске кире албай калганы нааразылыкка айланган реакцияларды жаратты.
Тектеш кабарлар
![ПКК террордук уюмунун 15 террористти жок кылынды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/b563/3121/7da9/661f89147bdd1.jpg?time=1722046101)
ПКК террордук уюмунун 15 террористти жок кылынды
Бул тууралуу улуттук коргоо министрлигинин медиа эсебинен маалымат берилди.