Эрдоган улуттук учкучсуз согуштук учак «Кызылелма» тууралуу маалымат берди

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрагасы Эрдоган, партиясынын Коньядагы кеңейтилген облустук кеңешме кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.

1911426
Эрдоган улуттук учкучсуз согуштук учак «Кызылелма» тууралуу маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган улуттук учкучсуз согуштук учак Кызылелма 2023-жылдын аягында сериялык өндүрүшкө чыга турганын айтты.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрагасы Эрдоган, партиясынын Коньядагы кеңейтилген облустук кеңешме кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.

Баскан кадамдары жана ишке ашырган долбоорлору менен Түрк кылымынын чындыкка айлануусу үчүн тынчсызданышкандарын баса белгилеген Эрдоган:«Биз ички саясаттан тышкы саясатка чейин бардык пландарыбызды ушул түшүнүк менен түзүп жатабыз. Балдарыбыздын атуулу болгондугу менен сыймыктана турган, дагы тынч, гүлдөгөн, күчтүү Түркияны калтыруу максаты менен ишибизди улантып жатабыз»,-деди.

Түркиянын (согуш абалындагы) кошуналарына (Орусия жана Украина) да кам көргөн тең салмактуу саясаты менен кризистен эң аз таасирленгенин жана бүткүл дүйнөнүн ыраазычылыгына ээ болгонун белгилеген Эрдоган:«Биз муну менен эле токтоп калбастан, дан келишими жана туткундарды алмаштыруу менен эч ким батынбаган эки чоң дипломатиялык жеңишке жетиштик. Чет өлкөлөрдө биз катышкан бардык саммиттерде мамлекет башчылары өлкөбүздүн согушту токтотуу аракетин жогору баалап жатышат»,-деп айтты.

Түркиянын өнөр жай, технология жана коргонуу тармагындагы атамекендик катнашын 20 пайыздан 80 пайызга көтөргөнүн баса белгилеген Президент, улуттук учкучсуз согуштук учагы «Кызылелма» жөнүндө: «2023-жылдын аягына чейин массалык түрдө өндүрүшкө чыгат деп үмүттөнөбүз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар