Акар: «Террорго каршы «Чеңгел-Кулпу» операциясынын башталышынан бери 480 террорист жок кылынды»

Министр Акар, Башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн командачылык штабы менен бирге Ирак чек арасындагы бөлүктөрдү иликтөө жана текшерүү иштерин жүргүздү.

1911569
Акар: «Террорго каршы «Чеңгел-Кулпу» операциясынын башталышынан бери 480 террорист жок кылынды»
hulusi akar sinir.jpg
hulusi akar sinir.jpg
hulusi akar sinir.jpg

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга каршы «Чеңгел-Кулпу» операциясынын башталышынан бери 480 террористтин таасирсиз кылынганын билдирди.

Министр Акар, Башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлик штабы менен бирге Ирак чек арасындагы бөлүктөрдү иликтөө жана текшерүү иштерин жүргүздү.

Ирактын түндүгүндө террордук буталарга карай уланып жаткан «Чеңгел-Кулпу» операциясына катышкан бөлүктөрдүн командирлери менен видео конференция өткөргөн Акар, операциянын татаал жана жер шартына карабастан пландалгандай ийгиликтүү уланганын белгиледи.

Мурунку күнү 3 аскерди шейит кылган террористтерге карата операцияда кол салууну жасагандар да болгон 13 ПКК террористинин жок кылынганын түшүндүргөн Акар:«Биз досторубуздун канын жерге калтырган жокпуз, калтырбайбыз. «Чеңгел-Кулпу» операциясы башталгандан бери 480 террорист жок кылынды. Биз шейиттерибиздин ар бир тамчы каны үчүн жооп берүүнү сурадык, мындан ары да сурайбыз»,-деди.

Террор менен күрөшүүнүн акыркы террорист жок кылынмайынча улана турганын баса белгилеген Акар:«Террорчулар менен эсептешүү мезгили. Биз бардык жасалгандар үчүн жооп берүүнү талап клабыз жана асыл элибизди терроризм балээсинен сактап калабыз. Аларды кимдер колдосо дагы, артында кимдер турса дагы бул күрөш токтобойт, аягына чейин чыгарабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар