Украинадан  34 жетим бала Түркияга алып келинди

Балдар медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин, эң кичүүсү 10 айлык болгон балдардын реабилитациялык процесси башталды.

1910885
Украинадан  34 жетим бала Түркияга алып келинди

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган 2 -октябрда Стамбулда Вахдеттин сарайында Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жубайы Олена Зеленская менен жолугушуп,согушта жабыр тарткан аялдар жана балдар тууралуу талкуулашкан. Эмине Эрдоган : «Түркия процесстин башында да болгондой тынчтытын түзүлүшү үчүн дипломатиялык күрөшүн бардык тармактарда улантат»,- деген.

Зеленская болсоТүркиянын үй- бүлөсүз 1300 украиналык баланы конок кылуусунан улам ыраазычылык билдирип, Эмине Эрдогандан өзгөчө муктаждыгы бар 200гө жакын баланы эвакуациялоо жана Түркияга алып келүү үчүн жардам сураган. Зеленскаянын жардам талабы тууралуу биринчи так кадам жолугушуудан 2 айдан кийин ташталды.

Украинанын Одесса шаарындагы Сонечко балдар үйүнөн 34 жетим бала борбор шаар Анкарага эвакуацияланды.

Балдар медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин, эң кичүүсү 10 айлык болгон балдардын реабилитациялык процесси башталды.

Олена Зеленская Твиттерден бул тууралуу : «Алдыңкылыгыбыз балдардын коопсуздугу»,- деп билдирип, эвакуациянын лидерлердин жубайлары менен кызматташуунун маанилүү мисалы экендигин белгиледи.



Тектеш кабарлар