Кубанын президенти Түркияда...

Бермудес алгач борбор шаар Анкарадагы Аныткабирге барды.

1910112
Кубанын президенти Түркияда...

Кубанын президенти Мигель Марио Диас-Канель Бермудес Түркияда...

Президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу боюнча Түркияга расмий сапар менен келген Бермудес алгач борбор шаар Анкарадагы (Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн сөөгү коюлган) Аныткабирге барды.

Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейине делегациясы менен келген Кубанын президенти Бермудес гүлчамбар коюп, бир мүнөт унчукпай эскерди.

Бермудес эстеликке фотосүрөткө түшкөндөн кийин Аныткабирдин атайын китебине кол койду.

Расмий жолугушууларда Түркия-Куба карым-катнаштары ар тараптан каралып, кызматташтыктын өнүктүрүлүшү максатында таштала турган биргелешкен кадамдар талкууланат.

Түркия менен Кубанын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 70 жылдыгына туура келген эки күндүк сапардын алкагында, эки тараптуу мамилелерден тышкары, аймактык жана глобалдык маселелер, өзгөчө Латын Америка жана Кариб аймагы боюнча пикир алмашылышы көздөлүүдө.



Тектеш кабарлар