Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Операция борборуна барды

Хулуси Акар Ирак жана Сириянын  түндүгүндөгү террордук  буталарга карата жүргүзүлгөн «Чеңгел  -  Кылыч» операциясынын башталышынан ушул күнгө чейин 184 террористтин жок кылынгандыгын билдирди

1909415
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Операция борборуна барды

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Ирак жана Сириянын  түндүгүндөгү террордук  буталарга карата жүргүзүлгөн «Чеңгел  -  Кылыч» операциясынын башталышынан ушул күнгө чейин 184 террористтин жок кылынгандыгын билдирди. Хулуси Акар Түрк куралдуу күчтөрүнүн Кургактык күчтөрү командирлигине караштуу Операция борборуна барды.

«Чеңгел  -  Кылыч» операциясы менен Ирактын түндүгүндөгү Кандил, Асос, Хакрук менен Сириянын түндүгүндөгү Арап булагы,  Манбиж, Зор үңкүр аймагы, Тель Рыфат, Жизире жана Дерик аймактарындагы буталардын атылгандыгын белгилеген Акар операциянын биринчи этабында террористтерге таандык баш калкалоочу жер, үңкүр, туннель, ок  - дары сактоочу жерлер да араларында болгон 89 бутанын жардырылгандыгын белгиледи.

Жикчил террордук уюмдун чоң кыйроодо экенин билдирген улуттук коргоо министри : «Эми эсептешүүнүн убагы келгендигин айтып жатабыз. Мындан мурда кылгандары менен бирге өткөн жумада Бейлоглунда (6 киши каза болду), кечээ да  Өнжүпынар жана Каркамышта (бирөөсү бала болгон 2 киши каза болгон) кылгандарынын баарынын эсебин сурайбыз. Шейиттерибиздин, жарандарыбыздын кандарынын эсебин суроону улантабыз. «Ченгел  - Кылыч» операциясынын башталышынан ушул күнгө чейин 184 террорист жок кылынды. Бул  сандын дагы да көбөйүшүн күтүп жатабыз. Акыркы бир террорист калганга чейин күрөшүбүз улантылат. Түрк куралдуу күчтөрү кыймылдарынын пландалышында, керек болсо аткарылышында жарандар, тарыхый, маданий жана диний түзүлүштөргө зыянын тийгизбеши үчүн эч бир армия көрсөтпөгөн жоопкерчиликти көрсөтүүдө. Түрк армиясы бул жоопкерчиликтеринин негизинде аткарылышы керек болгон эмне бар болсо акырына чейин аткарат».



Тектеш кабарлар