Швециянын элчиси тышкы иштер министрлигине чакырылды

Херрстремге кыймылды аткаргандарды аныктап, керектүү чаралардын көрүлүшү керектиги билдирилди.

1909198
Швециянын элчиси тышкы иштер министрлигине чакырылды

Түркиянын Стокгольм элчилигинин канцеляриясына жикчил террордук уюмдун пропагандасы жана президент Режеп Таййип Эрдоганга карата акааратты камтыган көрүнүштөрдүн чагылдырылышынан улам Швециянын Анкара элчиси Стаффан Херрстрем тышкы иштер министрлигине  чакырылып айыпталды. 

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, жикчил террордук уюмдун пропагандасын жана президент Эрдоганды кемсинткен сүрөттөрдү камтыган билдирүүлөр жана фотосүрөттөр Түркиянын Стокгольмдогу элчилигинин канцеляриясынын имаратына ПКК менен байланышы бар элементтер тарабынан чагылдырылды.

Окуядан кийин Херрстрем тышкы иштер министрлигине чакырылып, Түркия бул кыймылды айыптап, окуяны иликтөөнү талап кылды.

Херрстремге кыймылды аткаргандарды аныктап, керектүү чаралардын көрүлүшү, Түркия   - Шеция жана Финляндиянын ортосунда 30 -  июнда Испаниядагы НАТО саммити учурунда түзүлгөн  Үчтүк меморандумда милдеттенмелердин негизинде конкреттүү кадамдардын ташталышы керектиги билдирилди.
 

 

 



Тектеш кабарлар