Эрдогандан Египет билдирүүсү

Президент Эрдоган Катардан кайтып келе жатып учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1908946
Эрдогандан Египет билдирүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Египет менен карым-катнаштарды жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн негизинде жакшы нукта алып барууну каалагандарын айтты.

Президент Эрдоган Катарда өтүп жаткан 2022-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземинен кайтып келе жатып учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Ачылыш аземинде Египеттин президенти Абдель Фаттах Эс-Сиси менен жолугушуусу тууралуу суроого Эрдоган: «Бир процесс башталышы мүмкүн дегенбиз. Мындай процесстин башталышы үчүн бул жерде бир кадам ташталды жана биз жакшы сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Министрлерибиз менен башталган процессти кийинчерээк жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр менен жакшы жакка жылдырабыз деп үмүттөнөм. Анткени Түркия менен Египеттин ортосундагы карым-катнаштар лидерлердин жолугушуусу эмес, түрк улутунун жана Египет элинин мурунку биримдиги биз үчүн абдан маанилүү. Эмне үчүн кайрадан болбосун, эмне үчүн кайрадан башталбасын? Буларга ишарат кылдык. Буюрса баары жайында болсо бул кадамды таштайбыз. Албетте, алардан бир гана өтүнүчүбүз; бул сүйлөшүүлөр менен биргеликте Жер Ортолук деңизде бизге каршы позицияны кармангандарга карата бул жерде тынчтыкты орнотолу, аны менен бирге жолубузду уланталы»,-деди.



Тектеш кабарлар