Чавушоглу эртең Мароккого барат

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Цивилизациялар Альянсы демилгесинин 9-Глобалдык форуму болот.

1908710
Чавушоглу эртең Мароккого барат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу эртең Мароккодо өтө турган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Цивилизациялар Альянсы демилгесинин 9-Глобалдык форумуна катышат.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Урматтуу министрибиз 2022-жылдын 22-23-ноябрында Марокконун Фес шаарында өтө турган БУУнун Цивилизациялар альянсы демилгесинин 9-Глобалдык форумуна катышат. Форумда өлкөбүздүн 2005-жылдан бери Испания менен биргелешип өткөрүп жаткан Цивилизациялар альянсынын алкагындагы актуалдуу маселелердин каралышы күтүлүүдө»,- деп айтылды.

Ошондой эле форумга байланыштуу расизм, бөлүүчүлүк, ксенофобия жана исламофобия сыяктуу глобалдык коркунучтарга каршы эл аралык коомчулук тарабынан таштала турган конкреттүү кадамдардын талкууланышы күтүлүп жатканы белгиленип, тышкы иштер министринин иш сапарынын алкагында эки тараптуу жолугушууларды да өткөрө турганы билдирилди.



Тектеш кабарлар