Ирак менен Сириянын түндүгүнө «Чеңгел-Кылыч аба операциясы» жүргүзүлдү

Улуттук Коргоо министрлиги (MSB) Ирак жана Сириянын түндүгүндөгү террористтер тарабынан база катары колдонулган аймактарда «Чеңгел-Кылыч аба операциясы» жүргүзүлгөнүн билдирди.

1908291
Ирак менен Сириянын түндүгүнө «Чеңгел-Кылыч аба операциясы» жүргүзүлдү

Ирак менен Сириянын түндүгүндө террористтер тарабынан база катары колдонулган аймактарда «Чеңгел-Кылыч аба операциясы» жүргүзүлдү.

Улуттук Коргоо министрлиги (MSB) Ирак жана Сириянын түндүгүндөгү террористтер тарабынан база катары колдонулган аймактарда «Чеңгел-Кылыч аба операциясы» жүргүзүлгөнүн билдирди.

УКМ операция тууралуу биринчи билдирүүсүн түн жарымынан кийин жасап: «Жооп берүүнүн убагы. Чыккынчылык кол салуулар үчүн жооп берүү суралып жатат»,делди.

Түнкүсүн жүргүзүлгөн аба операциясына байланыштуу министрликтин билдирүүсүндө төмөнкүлөр белгиленди:«ПКК/КЖК/ЙПГ жана башка террордук элементтерди таасирсиз кылуу, Ирак жана Сириянын түндүгүнөн элибизге жана коопсуздук күчтөрүбүзгө багытталган террордук кол салууларды жоюу, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана террорду булагында жок кылуу максатында; Бириккен Улуттар Уюмунун 51-беренесинен келип чыккан өзүн-өзү коргоо укуктарына ылайык, Ирак жана Сириянын түндүгүндөгү террористтер тарабынан өлкөбүзгө кол салуу үчүн база катары колдонулган аймактарда «Чеңгел-Кылыч аба операциясы» жүргүзүлдү».

УКМ Сирия жана Ирактын түндүгүндөгү террордук буталарга каршы аба операциясынын алгачкы сүрөттөрүн бөлүштү.

Министрликтин Твиттер баракчасында жасалган билдирүүдө, «Террордук буталар таамай соккулар менен талкаланды»,делди.

Бөлүшүүдө террористтердин буталары сокку урулган учурлардын видеолору да камтылган.

Ошол эле учурда «Чеңгел-Кылыч аба операциясына» байланыштуу колдоо билдирүүлөрү келди.

Вице-президент Фуат Октай, Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Президенттиктин коомуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик, адилет министри Бекир Боздаг, эмгек жана социалдык коопсуздук министри Ведат Билгин террорго каршы операцияга колдоо көрсөтүштү.



Тектеш кабарлар