Шентопко Түркмөнстанда "Мамлекеттик орден" тапшырылды

Шентоп борбор шаар Ашхабадга жолугушууларды өткөрүү үчүн барган.

1907969
Шентопко Түркмөнстанда "Мамлекеттик орден" тапшырылды

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентопко Түркмөнстандын Улуттук кеңешинин Халк маслахатынын төрагасы, Түркмөнстандын мурунку президенти Курбангулы Бердымухамедов тарабынан «Мамлекеттик орден» тапшырылды.

Борбор шаар Ашхабадга жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Шентопко Бердымухамедов «Эгемен Түркмөнстанга болгон улуу сүйүүсү үчүн» мамлекеттик орден тапшырды.

Биринчи жолу парламент төрагасына тапшырылган орден Түркмөнстан менен башка мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын ортосундагы экономикалык жана маданий алакаларды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыйгарылууда.

Шентоп сыйлыктан улам Курбангулы Бердымухамедов менен Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовго ыраазычылык билдирип: «Бул орденди Түркия менен Түркмөнстандын ортосундагы мамилелердин чыңдалышынын конкреттүү көрүнүшү катары кабыл алдым. Бул сыйыңызга ыраазычылык иретинде Түркия менен Түркмөнстандын ортосундагы карым-катнаштарды дагы да өнүктүрүү жана бир туугандыкты түбөлүккө улантуу үчүн дагы да көп аракет кылам»-деди.



Тектеш кабарлар