Чавушоглу Батыш өлкөлөрүнө каршылык көрсөттү

Министр Чавушоглу 13-ноябрда Стамбулдун Истиклал көчөсүндө 6 киши көз жумуп, 81 киши жаракат алган террордук кол салуу болгон жерге барып, каза тапкандар эскерилген платформага гвоздикаларды калтырды.

1908063
Чавушоглу Батыш өлкөлөрүнө каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, террордук уюмдарга курал-жарак берип машыктырган Батыш өлкөлөрүнө каршылык көрсөтүп: «Биз террористтерди тазалоону улантабыз. Бизди эч нерсе коркута албайт. Түркия кылымы башталды, андан артка чегинүү жок»,-деди.

Министр Чавушоглу 13-ноябрда Стамбулдун Истиклал көчөсүндө 6 киши көз жумуп, 81 киши жаракат алган террордук кол салуу болгон жерге барып, каза тапкандар эскерилген платформага гвоздикаларды калтырды.

Андан соң журналисттерге маалымат берген Чавушоглу, коопсуздук күчтөрүнүн кол салууну жасаган, бомбаны койгон жана артында турган кишилерге карата керектүү иштерди тез арада жүргүзгөнүн, кол салууну жасаган киши менен беркилерин кармаганын эске салды.

Маселенин сот органдарына өткөнүн айткан Чавушоглу: «Албетте, жоопкерчиликке тартылат. Экинчи жагынан, чет өлкөдөгү жана өлкө ичиндеги байланыштары боюнча иликтөөлөрдү да кылдаттык менен жүргүзүп жатабыз»,- деди.

Террордук уюмдарга курал-жарак берип машыктырган Батыш өлкөлөрүнө реакция кылган Чавушоглу: «Террордук уюмдарга колдоо көрсөтүүнү, курал-жарак берүүнү уланта беришсин. Биз алардын желкесине минүүнү уланта беребиз. Террорчуларды тазалоону улантабыз. Бизди эч нерсе коркута албайт. Түркия кылымы башталды»,-деп билдирди.

Министр Чавушоглу: «Биз Сирияда болобу, Иракта болобу террористтерге аңчылык кылууну улантып жатабыз. Атайын операцияларыбыз менен да чалгындоо, жандармерия, коопсуздук жана аскерлерибиздин ПКК/ЙПГга каршы операциялары уланууда. Ушул сыяктуу эле ДЕАШка каршы операцияларыбыз да уланып жатат»,-деди.



Тектеш кабарлар