Эрдоган: "Дан келишиминин мөөнөтү узартылды"

Президент Эрдоган социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

1907466
Эрдоган: "Дан келишиминин мөөнөтү узартылды"

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Кара деңиз дан коридору келишиминин 2022-жылдын 19-ноябрынан тарта 120 күнгө узартылганын жарыялады.

Президент Эрдоган социалдык медиа баракчасынан Кара деңиз дан коридору келишиминин мөөнөтүнүн узартылганын маалымдады.

Эрдоган өз билдирүүсүндө: «Түркиянын кожоюндугунда өткөрүлгөн төрт тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Түркия, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Орусия Федерациясы жана Украинанын ортосунда кабыл алынган чечимге ылайык Кара деңиз дан коридору келишими 2022-жылдын 19-ноябрынан тарта 120 күнгө узартылды.

Акыркы 4 айда 500гө жакын кеме менен муктаж болгондорго 11 миллион тоннадан ашуун эгин жана азык-түлүк жеткирилиши менен бул келишимдин дүйнөнүн азык-түлүк камсыздоосу жана коопсуздугу үчүн канчалык маанилүү, пайдалуу экени ачык-айкын байкалды.

Келишимдин мөөнөтүнүн узартылышына салым кошкон БУУга, Башкы катчы (Антонио) Гутерришке, Орусиянын президенти (Владимир) Путин жана Украинанын президенти (Владимир) Зеленскийге ыраазычылык билдирем»,-деди.

БУУнун баш катчысы Гутерриш да социалдык медиа аркылуу билдирүү жасап: «Кара деңиз дан демилгесин улантуу келишимин кубаттайм»,- деди.

Европа Биримдиги комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен да Твиттер баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, Кара деңиз дан демилгесин улантууга байланыштуу келишимди кубаттап, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен президент Эрдоганды куттуктады.

Кара деңизден коопсуз азык-түлүк ташуунун түзүлүүсү үчүн 22-июлда Стамбулда президент Эрдоган жана БУУнун баш катчысы Гутерриштин катышуусунда Украина жана Орусия менен Стамбул дан келишимине кол коюлган.



Тектеш кабарлар