Эрдоган Балиде Байден менен жолугушту

Президент Эрдоган Балидеги жолугушууларынын алкагында алгач Апурва Кемпинскидеги Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинин расмий тосуп алуу аземине катышты.

1906565
Эрдоган Балиде Байден менен жолугушту
erdogan-biden bali.jpg
macron-erdogan g20 bali.jpg
Giorgia Meloni-Erdogan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Индонезиянын Бали аралында өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинде Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден менен жолугушту.

Президент Эрдоган Балидеги жолугушууларынын алкагында алгач Апурва Кемпинскидеги Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинин расмий тосуп алуу аземине катышты.

Саммитке кожоюндук кылган Индонезиянын президенти Жоко Видодо жолугушуунун алдында учурашкан президент Эрдоган менен кол алышып, эстелик сүрөткө түшүштү.

Расмий тосуп алуу аземинен кийин лидерлер «Азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук» сессиясына барышты.

Президент Эрдоган жыйын боло турган залда лидерлер менен баарлашты.

Андан соң Эрдоган саммиттин алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, АКШнын президенти Байден менен жолугушту.

Жолугушуу басма сөзгө жабык өттү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда жолугушууда эки өлкөнүн карым-катнаштары, өзгөчө соода жана коопсуздук темалары каралды.

Жолугушууда АКШнын президенти Байден Стамбулдун Истиклал көчөсүндө болгон террордук кол салууда каза болгондор үчүн көңүл айтты.

Аймактык өнүгүүлөр да бааланган жолугушууда Байден Орусия менен Украинанын ортосундагы дан коридорундагы көйгөйдүн чечилиши жана жүк ташуунун кайра башталышы үчүн көрсөткөн аракети үчүн президент Эрдоганга ыраазычылык билдирди.

Түркия менен АКШнын ортосундагы F-16 процессине колдоо көрсөтүүнү уланта тургандарын белгилеген АКШнын президенти Байден, Түркиянын Швециянын НАТОго мүчөлүгү процессинде маанилүү актер экенин да белгиледи.

Ал эми Ак үйдүн билдирүүсүнө караганда жолугушууда аймактык жана глобалдык окуялар, өзгөчө Стамбулдагы террордук кол салуу талкууланды.

НАТО боюнча өнөктөшү Түркиянын жанында экенин баса белгилеген Байден, Эрдоган аркылуу түрк элине «терең» көңүл айтты.

Кара деңиз дан демилгесинин Орусия-Украина согушу учурунда глобалдык азык-түлүк коопсуздугунун жакшырышы үчүн абдан маанилүү экенин жана бул демилгенин улантылышы керектиги боюнча макулдашкандарын баса белгилеген Байден, президент Эрдоганга бул демилгени жаңыртуу аракети үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Эрдоган Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Мухаммед бин Салман менен да өзүнчө жолугушту.

Жолугушуулар басма сөзгө жабык өттү.

Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Франциянын президенти Макрон Стамбулдагы террордук кол салууда каза болгондорго көңүл айтты.

Түркия-Франция карым-катнаштары жана аймактык маселелер каралган жолугушууда президент Эрдоган, эки өлкөнүн ортосунда соода менен бирге коргонуу жана энергетика тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүнүн орток кызыкчылык экенин белгиледи.

Күчтүү аракеттерден кийин дан коридорунун кайрадан иштей баштаганын белгилеген президент Эрдоган, келишимдин уланышы үчүн Европа Биримдигинин да өз милдетин аткарышы керектигин айтты.

Президент Эрдоган айрыкча Грецияны чынчыл, чын ыкластуу жана мазмундуу диалогго үндөлүшү керектигин да белгиледи.

Эрдоган Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони менен да жолугушту.

Жолугушуу басма сөзгө жабык өттү.



Тектеш кабарлар