Вице - президент Фуат Октай көчөт отургузуу программасына катышты

«Түркия кылымы деми» деген темада өткөрүлгөн 11 -  ноябрь Улуттук токой өстүрүү  күнүнө карата иш  - чараларда жалпы өлкөдө көчөт отургузулду.

1905351
Вице  - президент Фуат Октай көчөт отургузуу программасына катышты
oktay milli agaclandirma gunu.jpg
milli agaclandirma gunu.jpg

«Түркия кылымы деми» деген темада өткөрүлгөн 11 -  ноябрь Улуттук токой өстүрүү  күнүнө карата иш  - чараларда жалпы өлкөдө көчөт отургузулду.

Вице  - президент Фуат Октай да борбор шаар Анкарада Ататүрк токой чарбачылыгынын улут токоюнда «Улуттук токой өстүрүү күнүнөн» улам уюштурулган көчөт отургузуу программасына катышты.

Октай бул жерде сүйлөгөн сөзүндө 81 облуста экологиялык мобилизацияга айланган бул иш-чаранын дос жана боордош өлкөлөрдүн катышуусу менен дүйнөгө дем бере турган тилектештик кыймылына айланганын белгиледи.

Республика тарыхынын эң чоң көчөт отургузуу кампаниясын жүргүзгөндөрүн айткан Октай Түркиянын токой байлыгын арттырган айрым өлкөлөрдүн бири болгондугун айтты.

Фуат Октай  : «Жашыл мекенди өрттөн коргоо ар дайым алдыңкылык берген маселебиз. Токой байлыктарыбызга зыян келтире турган коркунучтарга каршы көрүлгөн чаралар үчүн 25 миңден ашуун токой чарбасынын баатырлары иштеп жатат»,- деди.

Октай жылдын аягына чейин 600 миллион көчөт отургуза тургандарын айтып, зыянга учураган токой аянттарына артыкчылык берилгенин билдирди.

Андан кийин Түрк Мамлекеттери Уюмуна мүчө Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Венгриядагы көчөт отургузуу иш  -  чаралары менен  түз байланыш түзүлүп, Түркия да болгон Түрк Мамлекеттери Уюмуна  мүчө 7 өлкөнүн өкүлдүгү менен ар бир өлкөдө   7 көчөт отургузулду.



Тектеш кабарлар