Түрк Мамлекеттери Уюмунун саммити Самаркандда башталды
Саммиттин алдында лидерлер үй - бүлөлүк фотосүрөткө түшүтү.
Түрк Мамлекеттери Уюмунун мамлекет башчыларынын 9 - саммити Өзбекстандын тарыхый Самарканд шаарында башталды.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев тарабынан уюштурулган «Түрк цивилизациясынын жаңы доору: жалпы өнүгүү жана гүлдөп өнүгүүгө карай» деген тема менен уюштурулган саммиттин алдында лидерлер үй - бүлөлүк фотосүрөткө түшүтү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган «Түбөлүк шаар» конгресс борборуна барганда Мирзиёев тосуп алды.
Конгресс борборунда түшкөн үй - бүлөлүк сүрөткө президент Эрдоган, Өзбекстандын президенти Мирзиёев, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, байкоочу өлкөлөр Түркмөнстан Элдик иштер боюнча улуттук кеңешинин төрагасы, мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан орун алды.
Түрк Мамлекеттери Уюмунун мамлекет башчылары Кыргызстандын Анкара элчиси Кубанычбек Өмүралиевди уюмдун жаңы баш катчысы катары дайындады.
Өмүралиев 14 - ноябрда Стамбулда Tүрк Мамлекеттери Уюмунун Катчылыгынын башкы кеңсесинде өткөрүлө турган азем менен бул милдетти мурунку катчы Багдад Амреевден өткөрүп алат.