Эрдоган Самаркандда

Президент Эрдоган Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет жана өкмөт башчыларынын 9-саммитине катышты.

1904957
Эрдоган Самаркандда

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Түрк инвестициялык фондунун тез арада ишке ашырылышы пайдалуу болот»,-деди.

Президент Эрдоган Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет жана өкмөт башчыларынын 9-саммитине катышты.

Эрдоган, бул жерде сүйлөгөн сөзүндө: «Биз Азербайжанга адилеттүү күрөшүндө болгондой эле тынчтыкты ортонуу аракеттерине да колдоо көрсөтөбүз»,- деди.

Эрдоган: «Украинада (Орусия менен) 9 айга созулган кагылышуулардын адилеттүү тынчтык жолу менен аякташы үчүн аракет кылып жатабыз, азык-түлүк кризисинин алдын алуу үчүн да керектүү чараларды көрүүдөбүз»,- деп айтып: «2014-жылдан бери дүйнөдө эң көп качкындарды кабыл алган өлкөбүз. Болжол менен 5 миллион эзилген адамдарды коноктоп жатабыз. Мыйзамсыз миграциянын алдын алуу жана башкаруу жаатында кызматташуубузду кеңейтүү, ушул алкакта бирдиктүү коопсуздук концепциясын иштеп чыгуу туура болот»,-деди.

Президент ошондой эле Түрк инвестициялык фондун мүмкүн болушунча тезирээк ишке ашыруунун пайдалуу болоорун билдирди.

Ал арада саммитте президент Эрдоганга Түрк дүйнөсүнө кызматтарынан улам «Түрк дүйнөсүнүн Али ордени» тапшырылды.

Эрдоган орденди тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө, Түрк дүйнөсүнүн Али орденинин өзүнө ыйгарылышына абдан сыймыктанганын белгилеп, Түрк дүйнөсү катары бүгүнкү күндө кечээкиге караганда дагы да күчтүү экендиктерин айтты.

Бул ордендин өзүнө чоң жоопкерчилик жүктөгөнүн билдирген Эрдоган: «Элдерибиздин ортосундагы тилектештикти чыңдоо, мамлекеттерибиздин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү жана уюмубуздун эл аралык аброюн мындан ары да жогорулатуу боюнча аракеттерибизди улантууга чечкиндүүбүз, чечкиндүүмүн»,- деди.



Тектеш кабарлар