10 айдын ичинде 18 миң 487 мыйзамсыз мигрант куткарылды

Мыйзамсыз мигранттардын көбү грек элементтеринин ур-токмогуна кабылган соң Түркиянын аймактык сууларына сүрүлүүдө.

1905227
10 айдын ичинде 18 миң 487 мыйзамсыз мигрант куткарылды

10 айдын ичинде Эгей деңизинде Греция тарабынан өлүмгө түртүлгөн 18 миң 487 мыйзамсыз мигрант куткарылды.

Жаңы жашоо үмүтүндө үй-бүлөлөрү менен деңизге жол тарткан мыйзамсыз мигранттардын көбү грек элементтеринин ур-токмогуна кабылган соң Түркиянын аймактык сууларына сүрүлүүдө.

Моторлору чыгарылган катерлер менен деңиздин ортосунда калган мигранттардын акыркы үмүтү болсо Түркиянын Жээк коопсуздук топтору болууда. Жаман мамилеге кабылган, колдору кишенделген жана зер буюмдары алынган мигранттардын жардам чакырыгына Эгей деңизинде кызмат кылган Түрк жээк коопсуздук топтору жооп берүүдө.

Жээк коопсуздук командирлигинин топтору 1-январдан 31-октябрга чейин Чанаккале, Балыкесир, Измир, Айдын жана Мугла жээктеринде 18 миң 487 мыйзамсыз мигрантты куткарышты.

Эң көп артка кайтаруу окуясы 3,259 мыйзамсыз мигрант менен август айында болду.

Ошол эле мезгилде чет өлкөгө чыгууга аракет кылган 11 миң 541 мыйзамсыз мигрант кармалды.

Бул убакыт аралыгында Эгей деңизинен 18 мыйзамсыз мигранттын сөөгү табылды.



Тектеш кабарлар