Эрдоган Самаркандга жөнөп кетти

Саммиттин алкагында Эрдогандын катышуучу лидерлер менен эки тараптуу жолугушууларды да өткөрүүсү күтүлүүдө.

1904449
Эрдоган Самаркандга жөнөп кетти

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түрк мамлекеттер уюмунун 9-саммитине катышуу үчүн бүгүн Өзбекстандын Самарканд шаарына жөнөп кетти.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, «Түрк цивилизациясынын жаңы доору: Биргелешкен өнүгүү жана гүлдөп өсүүгө карай» темасы менен өткөрүлгөн саммитте кезектешкен төрагалык Түркиядан Өзбекстанга өтөт.

Саммитте, 2021-жылдын 12-ноябрындагы Стамбул саммитинде кабыл алынган жана уюмдун 20 жылдык жол картасын түзгөн Көз караш документинин биринчи 5 жылдык ишке ашыруу жол көрсөткүчүн камтыган «Стратегиялык документ» менен бирге уюмдун иштерине жана келечегине байланыштуу маанилүү чечимдер кабыл алынат.

Уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосунда ар тармакта кызматташтыкты дагы да өнүктүрүү үчүн таштала турган кадамдар талкуулана турган саммиттин эртеңки сессиясында президент Эрдоган сөз сүйлөйт.

Саммиттин алкагында Эрдогандын катышуучу лидерлер менен эки тараптуу жолугушууларды да өткөрүүсү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар