Чавушоглу ТМУ саммитинин даярдык жыйынында сөз сүйлөдү

Чавушоглу: "Стамбул саммитинде (2021-жылдын ноябрында) кабыл алынган Түрк дүйнөсүнүн көз карашы- 2040 документи узак мөөнөттүү маанилүү кадам болду"

1904805
Чавушоглу ТМУ саммитинин даярдык жыйынында сөз сүйлөдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Стамбул саммитинде кабыл алынган Түрк дүйнөсүнүн көз карашы- 2040 документинин маанилүү кадам экенин айтып: «Тарых өз нугун оңдоп жатат. Азия кайрадан алдыга чыгууда», - деди.

Министр Чавушоглу Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте Түрк Мамлекеттери Уюмунун (ТМУ) саммитинин даярдык жыйынында сөз сүйлөп, Стамбулдагы жыйында аймактагы окуяларды чогуу сүйлөшкөндөрүн, кыйын мезгилден өтүп жаткандарын, тыгыз консультациялардын улантылышы жана оор соккуларга туруштук бере турчу орто жана узак мөөнөттүү стратегияларды иштеп чыгуу зарылдыгын билдирди.

Чавушоглу: «Стамбул саммитинде (2021-жылдын ноябрында) кабыл алынган Түрк дүйнөсүнүн- 2040 көз караш документи узак мөөнөттүү маанилүү кадам болду. Биринчи 5 жылдык ишке ашыруу багыты болгон стратегиялык документти аягына чыгаруу биздин кезектешкен төрагалыгыбыздын артыкчылыктарынын бири эле. Алардын аткарылышын камсыз кылуу биздин жалпы милдетибиз. Бул конъюнктура бизге да мүмкүнчүлүктөрдү берет. Тарых өзүнүн багытын оңдоп жатат. Азия кайрадан алдыңкы планга чыгууда»,-деп айтты.

Азербайжан-Казакстан-Өзбекстан менен үч тараптуу процесске маани беришкендерин жана мындан ары да уланта тургандарын баса белгилеген Чавушоглу, Түрк Кеңешинин Түрк мамлекеттер уюмуна айланышы үчүн көрөгөч кадамдарды талап кылганын, кезектешкен төрагалык мезгилинде ушул темада маанилүү иштер аткарылганын айтты.

Түрк инвестиция фондун түзүү чечиминин Түркиянын төрагалык мөөнөтүндөгү маанилүү кадамдарынын бири болгонун белгилеген Чавушоглу, бул темада жетекчилик кылууга даяр экендиктерин билдирди.

Жетекчилердин макулдугу менен элчи Кубанычбек Өмүралиевдин ТМУнун башкы катчысы болуп дайындала турганын жарыялаган тышкы иштер министри, аны ар дайым колдой тургандарын маалымдады.



Тектеш кабарлар