Швециядан ТОГГо мактоо

Дүйнөнүн ири автомобиль бренддеринин  бирөөсүнүн базасы болгон Швеция Түркиянын жергиликтүү жана электрдүү автомобили ТоГГдон сөз кылууда.

1904349
Швециядан ТОГГо мактоо

Дүйнөнүн ири автомобиль бренддеринин  бирөөсүнүн базасы болгон Швеция Түркиянын жергиликтүү жана электрдүү автомобили ТОГГдон сөз кылууда.

Швецияда чыккан Expressen гезити технология борбору катары долбоорлонгон Гемлик кампусу менен Тогг тууралуу жазды.

Гезит  ТОГГдун Европага карай багыт алгандыгын, Түркиядагы сатуулардын башталышынан 15 - 18 айдан кийин автомобилдин Европага  импорттоло баштай тургандыгын жазган.

Макалада түрк автомобиль өнөр жайынын  өндүрүш комплекстери менен дүйнөнүн эң ирилеринин бири экендиги эске салынды.

Макалада президент Режеп Таййип Эрдогандын  : "Гемлик заводу толук кубаттуулукка  жеткенде бул жерде жылда 175 миң автомобиль өндүрүлөт. 4 миң 300 киши жумуш менен камсыздалат" - деген билдирүүсүнө орун берилди. 

Гемлик   кампусунда 2030 - жылга чейин 1 миллион TОГГдун  өндүрүлүщүнүн пландалганы белгиленди.

 



Тектеш кабарлар