Түркиянын «Маариф» фонду тарабынан уюштурулган «2-Стамбул билим берүү саммити» аяктады

Түркиянын Маариф Фонду тарабынан ТРТнын коммуникация демөөрчүлүгү менен уюштурулган 7 өлкөнүн билим министрлери жана дүйнөнүн эксперттик билим берүү органдары катышкан конференция өттү.

1903173
Түркиянын «Маариф» фонду тарабынан уюштурулган «2-Стамбул билим берүү саммити» аяктады

Түркиянын «Маариф» фонду тарабынан уюштурулган «2-Стамбул билим берүү саммити» аяктады

Түркиянын Маариф Фонду тарабынан ТРТнын коммуникация демөөрчүлүгү менен уюштурулган 7 өлкөнүн билим министрлери жана дүйнөнүн эксперттик билим берүү органдары катышкан «Мектептин келечеги, пандемиядан кийинки билим берүүнүн муктаждыктары» темасы менен өткөн «2-Стамбул билим бүрүү саммити» аяктады. Багларбашы конгресс жана маданият борборунда өткөн саммиттин экинчи жана акыркы күнүнүн биринчи отурумунда «Ковид муунунун келечеги» жана экинчи отурумунда «Дифференцияланган билим берүү» темалары талкууланды.

Саммиттин акыркы отурумунда «Билим берүүдөгү альтернативдик издөөлөр» темасына орун берилди. Стамбул Меденийет университетинин окутуучусу Доц. Д-р. Өмер Авжынын жетекчилигинде өткөн отурумда, EdX бизнести өнүктүрүү жетекчиси Жон Шварц, Coursera for Campus Global жетекчиси Скотт Ширеман, Мармара университетинин окутуучусу Проф. Д-р. Кемал Сайар, Пешавар университетинин билим берүү социологиясы жана мугалимдердин билими боюнча профессору Сайед Мунир Ахмед жана Африка өнүктүрүү университетинин жетекчиси Кадер Канейе баяндамачы катары катышты.

«Биз байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырымды жаап жатабыз»

Ковид-19 эпидемиясы менен билим берүү системасы күтүлбөгөн жерден виртуалдык билим берүү моделине өткөнүн эске салган EdX Бизнести өнүктүрүү боюнча жетекчиси Жон Шварц бул жол менен алда канча кеңири аудиторияга жетүүгө болорун белгиледи.

Шварц мындай деп улантты: «Эгер мен сизге келип, алар Гарвард жана MIT университеттериндеги мазмунун, студенттерге сунуштаган курстарды дүйнө жүзүндөгү каалаган адамга бекер сунушташат десем, эмне дейт элеңиз? Биз ар бир адамга, бардык жерде өмүр бою билим берүүнүн экосистемасын сунуштайбыз. Биз бул элиталык мектептерге кире алган акылдуу жана бай адамдар менен кире албагандардын ортосундагы ажырымды жоебуз. Биз муну билим берүү системасында кабыл алып, өсүп, курал катары колдонушубуз керек».

«Үч жуманын ичинде миллиондогон студенттер баскычты басып, онлайн билим берүүгө өтүштү»

Дистанттык билим берүүнүн бетме-бет билимге альтернатива боло алабы деген маселеге токтолгон Шварц: «Мен өзүмө бул суроону көп бердим жана ооба, альтернатива болду. Үч жуманын ичинде миллиондогон студенттер баскычты басып, Онлайн билим берүүгө өттү. Биз эпидемия учурунда мунун маанилүүлүгүн баса белгилеп жатканбыз. Аны артка түрткөндөр да болду. Адамдар анын кантип өнүгүп кетерин билишкен эмес. Алар анын кесепеттерин билишкен эмес, бирок эпидемия коркунучтуу нерсе, бул биздин трамплин болду. Дүйнө жүзүндөгү мен тааныган бардык адамдар кандайдыр бир түрдө онлайн тренингден өтүштү»,-деди.

«Онлайн билим берүү көптөгөн фронттордо жакшы курал»

Coursera for Campus глобалдык жетекчиси Скотт Ширеман болсо виртуалдык билим берүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Виртуалдык билим берүүнүн да пайдалуу жактары бар экенин айткан Ширеман: «Онлайн билим берүү көп жагынан жакшы курал. Биринчиден, билим берет. Университеттин студенттери үчүн да пайдалуу. Анткени ал сизге мурда сунушталбаган ийкемдүүлүктү сунуштайт. Онлайн билим берүүнүн кээ бир артыкчылыктары бар. Алардын айрымдары бетме-бетке салыштырмалуу онлайн бири-бирин жакшыраак кубаттаган жана колдогон системалар. Учурда биз студенттерге багытталган жана колубуздагы куралдардан пайдаланып бетме-бет жана онлайн билим берүүнү өнүктүрүп жатабыз»,-деп айтты.

Саммиттин алкагында Түркиянын «Маариф» фонду тарабынан уюштурулган 3-Эл аралык «Маариф» фотосүрөт сынагынын сыйлыктары таратылды. Сынакта пакистандык Шажар Захра баш байгени алса, Бурундиден келген Рания Хасан экинчи, Ооганстандан Мустафа Режеби үчүнчү болду. Жеңүүчүлөргө сыйлыктарын Түркиянын Маариф Фондунун Камкорчулар кеңешинин төрагасы Проф. Д-р.Бирол Акгүндөн алышты.



Тектеш кабарлар