Швециянын премьер-министри Түркияга келет

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда эртең борбор шаар Анкарада боло турган расмий жолугушууларда Түркия-Швеция карым-катнаштары бардык жагынан каралат.

1902848
Швециянын премьер-министри Түркияга келет

Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга расмий сапар менен келет.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда эртең борбор шаар Анкарада боло турган расмий жолугушууларда Түркия-Швеция карым-катнаштары бардык жагынан каралат.

Сүйлөшүүлөрдө НАТОнун Мадрид саммитинин алкагында стратегиялык өнөктөш Швеция менен (Финляндия менен Түркиянын ортосунда) кол коюлган үч тараптуу Меморандумдун негизинде Швециянын НАТОго мүчөлүк арызы, Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштары менен глобалдык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашылышы да каралууда.

Бир тараптан Швециянын тышкы иштер министри Биллстрем жикчил террор уюму ПКК/ЙПГ менен байланыша турган күн тартиби жок экенин айтты.

Өлкөсүндөгү Aftonbladet гезитине маалымат берген Тобиас Биллстрем Түркия менен НАТОго мүчөлүк боюнча сүйлөшүүлөрүнүн мурунку социал-демократ өкмөтүнө караганда жакшы баратканын жана процесстин дагы бир калыпта өткөнүн белгиледи.

Биллстрем : «ПКК жана ЙПГ менен байланышуу түрүндөгү күн тартибибиз жок. Бул абалды түрк өкмөтү да белгилеп жатат. Учурда Швецияны башкарып жаткан өкмөт да ПКК/ ЙПГга жан тарткандар менен эч кандай келишим түзбөйт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар