Алтун Швециянын премьер-министринин Анкарага сапарына баа берди

Алтундун макаласы швециялык «Aftonbladet» гезитинде жарыяланды.

1903148
Алтун Швециянын премьер-министринин Анкарага сапарына баа берди

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссондун Анкарага сапарын өлкөсүнүн НАТОго мүчөлүгү үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк катары баалады.

Фахреттин Алтундун Ульф Кристерссондун Түркияга сапарын жана Швециянын НАТОго мүчөлүк процессине баа берген макаласы швециялык «Aftonbladet» гезитинде жарыяланды.

Алтун Швецияда түзүлгөн жаңы өкмөттүн, июнь айындагы НАТО саммитинде Мадридде (Финляндия жана Түркия менен) кол коюлган меморандумга (үчтүк) баш ийе турганын жарыялоосунун оң көрүнүш экенине көңүл бурду.

Премьер-министр Кристерссондун Анкарага сапарын эки тараптуу карым-катнаштарды күчтөндүрүү үчүн да маанилүү мүмкүнчүлүк катары эсептегендерин белгилеген Алтун: «Бул сапар түрк эли тарабынан «мыйзамдуу тынчсызданууларын түшүнүү» жана «Швеция террордук уюмдар, өзгөчө ПКК тарабынан жасалган таңуулоолорго моюн сунбоо эркин көрсөттү» деп сереп салынганын айтты.

Фахреттин Алтун Түркиянын НАТОго кошулууну каалаган Швециядан өз улуттук коопсуздугу менен тыгыз байланышкан кээ бир саясаттарын кайра карап чыгууну талап кылганын эске салды.

Премьер-министр Кристерссондун Анкарага сапарынын Швециянын НАТОго мүчөлүгү үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк катары эсептелиши керектигин баса белгилеген Алтун, Түркиянын Мадридде кол коюлган меморандумдун алкагында конкреттүү кадамдардын ташталып же ташталбаганына карап Швециянын НАТОго мүчөлүк арызына баа берерин кошумчалады.



Тектеш кабарлар