Битлисте " Эрен блокада" операциялары
Операцияга 570 кызматкер катышканы маалымдалды.
1902574
Битлисте «Эрен блокада күзгү - кышкы 9 операциясы» башталды.
Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта ПКК жикчил террордук уюмду күн тартибинен чыгаруу үчүн Битлистин борбору Челтикли жана Танрыяр аймактарында «Эрен блокада күзгү - кышкы - жандармериянын шейит лейтенанты Баки Кочак операциясы» башталганы белгиленди.
Операцияга 570 кызматкердин катышканы маалымдалды.
Билдирүүдө өлкөдө террорду толугу менен жок кылуу максатында жүргүзүлгөн Эрен блокада күзгү- кышкы операцияларынын ийгиликтүү улантылып жаткандыгы белгиленди.