Түркия Имран Ханга жасалган кол салууну айыптады
Хан коалициялык өкмөттүн мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялабаганын негиз кылып, 28-октябрда Лахордон борбор Исламабадга жүрүш баштаган.
Түркия Пакистандын мурдагы премьер - министри Имран Ханды бутага алган жана бир кишинин каза болушуна себеп болгон кол салууну катуу айыптады.
Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Ханга жакшы тилектер айтылып : «Пакистанда бир саясий иш - чара учурунда Пикистан Ислам Республикасынын мурдагы премьер - министри Имран Ханды бутага алган жана бир киши каза болгон кол салууну катуу айыптайбыз. Бул кол салууда каза болгон пакистандык боордошубузга Аллахтын ырайымын, мурдагы премьер - министр Хан жана жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз»,- деп билдирилди.
Билдирүүдө Түркиянын Пакистандын тынчтыгына жана ырааттуулугуна маани бергени жана ар дайым жанында болоору баса белгиленди.
Хан коалициялык өкмөттүн мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялабаганын негиз кылып, 28-октябрда Лахордон борбор Исламабадга жүрүш баштаган.
Кечээ Вазирабадда анын колоннасына ок атылып, Хан эки бутунан жараланды. Кол салууда 1 адам каза болуп, 7 киши жаракат алган.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.