Чавушоглу америкалык кесиптеши менен сүйлөштү

Телефондогу сүйлөшүүдө Украинадагы акыркы окуялар, өзгөчө дан коридору талкууланды.

1901347
Чавушоглу америкалык кесиптеши менен сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондогу сүйлөшүүдө Украинадагы акыркы окуялар, өзгөчө дан коридору талкууланды.

Министр Чавушоглу кесиптешине Түркиянын дан келишиминин үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо боюнча демилгелери тууралуу маалымат берди.

Блинкен Түркиянын демилгелеринин натыйжасында дан коридорунун кайра иштетилишине ыраазычылыгын билдирди.

Сүйлөшүүдө Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчөлүгү жана F-16 флотунун жаңыланышы да талкууланды.

Министр Чавушоглу Блинкенге Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясына ысырапсыздык (таштанды чыгарбоо) темасында сунуштаган резолюция долбоору тууралуу да маалымат берди.



Тектеш кабарлар