Эрдоган Мевлүде Генчтин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты
Германиянын Солинген шаарында 29 жыл мурда расисттердин кол салуусунда 2 кызы, 2 небереси жана жээнинен ажыраган Мевлүде Генч кечээ 80 жашында дүйнө салды.
![Эрдоган Мевлүде Генчтин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/872b/c3d3/ddb7/635fcb11064bb.jpg?time=1718865016)
Президент Режеп Таййип Эрдоган, 1993-жылкы Солинген апаатында 5 жакынынан ажыраган Мевлүде Генчтин каза болгонуна байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтты.
Эрдоган социалдык медиадан жасаган билдирүүсүндө, Генчтин жолдошу Дурмуш жана уулу Камил Генч менен телефон аркылуу сүйлөшүп көңүл айтканын белгиледи.
Эрдоган: «Башынан өткөн чоң азапка карабастан Мевлүде айымдын татыктуу жана чечкиндүү позициясы Европага жана бүткүл адамзатка үлгү болууну улантат. Ушул алкакта Солинген кыргынында каза болгон бир туугандарыбызды дагы бир жолу эскеремин»,-деди.
Германиянын Солинген шаарында 29 жыл мурда расисттердин кол салуусунда 2 кызы, 2 небереси жана жээнинен ажыраган Мевлүде Генч кечээ 80 жашында дүйнө салды.
Түрк жана немис коомчулугун жакындаткан билдирүүлөрү үчүн «Акылдуу эне» деп аталган Генч көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.