Республика майрамына карата куттуктоолор келүүдө

Илхам Алиев, Владимир Зеленский, Касым -  Жомарт Токаев Эрдоганга куттуктоо жиберишти.

1899313
Республика майрамына карата куттуктоолор келүүдө

Азербайжандын президенти Илхам Алиев президент Режеп Таййип Эрдоганга 29 -  Октябрь Республика майрамынан улам куттуктоо жиберди.

Достук жана боордоштук боюнча курулган Азербайжан  - Түркия карым  - катнаштарынын бүгүн дүйнөдө окшошунун болбогондугун жана эки өлкөнүн ортосундагы биримдиктин аймак жана дүйнө үчүн маанилүү бир коопсуздук жана туруктуулуктун элементи экендигин белгилеген Алиев : «Тарыхтын эң маанилүү учурларында Азербайжандын жанында болгон боордош Түркиянын Экинчи Карабах согушунда да биздин жаныбызда  болгондугун, түрк калкынын алгачкы учурдан акыркы учурга чейин  колдоп келгенин ар дайым баалайбыз жана эч качан унутпайбыз. «Бир улут, эки мамлекет» урааны менен жолго чыккан өлкөлөрүбүздүн ортосунда шериктештик аракеттерибизди ийгиликтүү өнүктүрүүнү улантарыбызга ишенем. Ушундай маанилүү бир күндө сизге ден соолук, бакыт, мамлекеттик иштериңизде ийгилик, боордош Түркия калкына тынчтык,бакубаттуулук каалаймын»,- деди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский да 29 -  Октябрь Республика майрамынан улам түрк тилинде куттуктоо жарыялады. Зеленский Твиттерден : «Түркия Республикасынын жарыяланышынын 99  жылдыгынан улам Түркия жана президент Режеп Таййип Эрдоганды куттуктаймын. Дос түрк калкына тынчтык каалаймын. Биргелешкен аракеттерибиздин Кара деңиз аймагына тынчтык, коопсуздук жана туруктуулуктун кайтып келишине мүмкүнчүлүк түзөрүнө ишенем»,- деп билдирди.

Казакстандын президенти Касым -  Жомарт Токаев да 29 -  Октябрь Республика майрамынан улам Эрдоганга куттуктоо жиберип : «Эч шексиз бул күн өлкөңүздүн тарыхында маанилүү орунга ээ»,- деди.

Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедов да билдирүүсүндө президент Эрдоганга жана боордош түрк элине чын жүрөктөн куттуктоосун жана жакшы каалоолорун айтты.

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф да Твиттерде түрк тилинде билдирүү жасап : "Түркия Республикасынын  99 жылдык майрамында  президент Режеп Таййип Эрдоган жана түрк улутуна чын жүрөктөн салам жолдойм. Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн жетекчилигиндеги түрк улутунун көз карандысыздык үчүн көрсөткөн баатырдык күрөшү тарыхта маанилүү орунга ээ",- деди. 

Грециянын Тышкы иштер министрлигинин Твиттер баракчасында бөлүшүлгөн билдирүүдө : "Түркиянын элин жана өкмөтүн Республика майрамы менен куттуктайбыз»,-деп айтылды.

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони   Блинкен Республика күнүнө карата куттуктоосунда : "АКШнын атынан түрк элин Түркия Республикасынын негизделишинин 99 жылдыгы менен куттуктайм",- деп билдирди. 

Түрк Мамлекеттери Уюмунун  баш катчысы Багдад Амреев Түркия Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 99 жылдыгын жазуу түрүндөгү кайрылуусу менен куттуктады.

Амреев түрк өкмөтүнө жана элине куттуктоосун жана эң жакшы каалоолорун айтып :"Түркия өсүп келе жаткан экономикасы, күчтүү демократиясы, негизги адамдык баалуулуктарга берилгендиги, туура жана алысты көрө билген тышкы саясаты менен түрк мамлекеттеринин сыймыгы жана дүйнө жүзүндөгү көптөгөн улуттардын илхам булагы болууну улантууда»,-деди.

Амреев Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктү жана анын куралдаш жолдошторун эскерип, түрк элине бакубат келечек каалады.



Тектеш кабарлар