«Фатих» бургулоочу кемеси Чайжума-1 кудугунда

Түркиянын мунайзат корпорациясы маалымат берди.

1899009
«Фатих» бургулоочу кемеси Чайжума-1 кудугунда

«Фатих» бургулоочу кемеси Кара деңиздеги жаратылыш газ чалгындоо иштеринин алкагында Чайжума-1 кудугуна жетти.

Түркиянын мунайзат корпорациясынын Твиттер баракчасындагы билдирүүдө «Фатих бургулоочу» кемеси тууралуу: «Жаңы чалгындоо максаттарынан улам Чайжума-1 кудугундабыз»,-деп маалымдалды.

Кара деңиздеги жаратылыш газ издөө иштеринен кийин Сакария газ кенинде 540 миллиард куб метрлик чалгындоо иштери жүргүзүлгөн болчу.

Өндүрүш жана инфраструктура иштери уланып жаткан Кара деңиз аймагында жаратылыш газын 2023-жылдын биринчи чейрегинде колдонууга берүү максат кылынууда.



Тектеш кабарлар