Эрдогандын НАТО дипломатиясы
Президент Эрдогандын 4 - ноябрда Стамбулда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергди кабыл алышы пландалууда.
Президент Режеп Таййип Эрдоган ноябрь айынын башында күн тартиби НАТО болгон дипломатия жүргүзөт.
Президент Эрдогандын 4 - ноябрда Стамбулда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергди кабыл алышы пландалууда. Жолугушууда Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчөлүк процесси менен 24 - февралда башталган Россия - Украина согушу тууралуу абалдарды талкуулашары күтүлүүдө.
Эрдоган шаршемби күнү телефон аркылуу сүйлөшкөн Швециянын премьер - министри Ульф Кристерссонду да 8 - ноябрда борбор шаар Анкарада тосуп алат. Жолугушууда Түркия - Швеция карым - катнаштары менен бирге Швециянын НАТОго мүчөлүк процессинин каралышы күтүлүүдө.
Президент Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Швециянын жаңы премьер - министри болуп шайлануусунан улам Ульф Кристерссонду куттуктады. Эрдоган 19 - октябрда өзүнө жиберген катка токтолуп, Ульф Кристерссонду борбор шаар Анкарада тосуп алуудан кубанычтуу экендигин айткан.
Президент Эрдоган террордук уюмдардын Швециянын НАТО мүчөлүгүн жана Түркия менен эки тараптуу карым - катнаштарын барымтага алышын алдын алуунун орток кызыкчылык экендигин баса белгилеген.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.