Британиялык министр Чавушоглуна ыраазычылык билдирди

Англиянын тышкы иштер министри Жеймс Клеверли Твиттердеги билдирүүсүндө түрк кесиптеши Чавушоглу менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн белгиледи.

1897690
Британиялык министр Чавушоглуна ыраазычылык билдирди

Англиянын тышкы иштер министри Жеймс Клеверли тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуна Кара деңиз дан демилгесиндеги иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

Жеймс Клеверли Твиттердеги билдирүүсүндө түрк кесиптеши Чавушоглу менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн белгиледи.

Британия министри: «Мен ага Орусиянын Украинага басып киришинен улам келип чыккан азык-түлүк коопсуздугу менен күрөшүү боюнча Кара деңиз дан демилгесинде аткарган иши үчүн ыраазычылык билдирдим», деген сөздү жазды.

Түркиянын жакын өнөктөш жана шериктеш экенин баса белгилеген Жеймс Клеверли: «Биз жалпы глобалдык чакырыктар боюнча биргелешип иштөөнү улантабыз»,-деп айтты.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта министр Чавушоглунун англис кесиптеши Клеверли менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү белгиленди.

Сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу карым-катнаштар, Стамбул дан келишими жана Украинадагы акыркы кырдаал талкууланганы белгиленди.

Глобалдык азык-түлүк кризисинин чечилиши үчүн Түркиянын координациясында ишке ашырылган эгин ташуу келишимине 22-июлда Стамбулда президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Украина, Орусия, Түркия жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортосунда кол коюлган.



Тектеш кабарлар