Президент Эрдоган Юсуф Исламдын концертин көрдү

Юсуф Ислам концерттен кийин президент Эрдоганга гитара белек кылды.

1897405
Президент Эрдоган Юсуф Исламдын концертин көрдү

Президет Режеп Таййип Эрдоган британиялык музыкант Юсуф Исламдын концертин көрдү.

Cat Stevens деген ат менен чыгарган альбомдору менен 1960 – 1970 – жылдарга тамгасын баскан, 1977 – жылы мусулман болууну тандаган жана Юсуф Ислам атын алган британиялык өнөрпоз борбор шаар Анкарада Бештепе Улут Конгресси жана маданият борборунда концерт койду.

Концертти президент Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдоган, вице  - президент Фуат Октай, президенттик кабинеттин мүчөлөрү, Юсуф Исламдын жубайы Фаузиа Мубарак Алми жана уулу Мухаммед Ислам да көрдү.

Британиялык музыкант кээ бир учурларда да келген коноктор менен маектешти. Концертте бир нече унутулгус чыгармаларын аткарган Юсуф Ислам бир сааттан ашуун убакыт сахнада болду.

Юсуф Ислам концерттен кийин президент Эрдоганга гитара белек кылды.

Эмине Эрдоган соцтармактан берген билдирүүсүндө дүйнөгө белгилүү музыкант Юсуф Ислам жана үй  - бүлөсүн Түркияда тосуп алуудан кубанычтуу экендерин белгилеп : «Музыканын дүйнөлүк тилинен чагылган чыгармалары менен жүрөгүбүздү козгоду. Өзгөчө Юнус Эмреден шык алган  күүнү суктануу менен уктук»,- деди.

Юсуф Ислам да президент Эрдоганга тынчтык аракети жана дүйнө мусулмандарына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун социалдык медиа эсебинен Исламдын концертте сүйлөгөн сөзү тууралуу видео бөлүштү.

Президент Эрдоганга Британия мусулмандарына жана Британиядагы Кембридж мечитинин курулушуна көрсөткөн өзгөчө  колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген Ислам: "Украина менен Россиянын ортосундагы тоскоолдуктарды жоюуда аткарган иштериңизди жогору баалайм. Ата мекеним Кипр үчүн да тынчтык жолу менен маселени чечүү жолун табуудан баш тартпоого чакырам.  Баарынын ыйык жерлерде тынчтык ичинде жашоосу үчүн  Палестинанын эркиндигине  колдооңузду улантууңузду суранам»,- деди.



Тектеш кабарлар